Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:15

Ирандык режиссердун фильми Берлиналеде көргөзүлдү


"Такси" фильминен кадр
"Такси" фильминен кадр

Ирандык режиссер-диссидент Жафар Паханинин фильми Берлиндеги эл аралык кинофестивалда көрсөтүлдү. Ирандын борбор шаары Тегеранды сүрөттөгөн "Такси" тасмасынын бет ачары бүгүн болду.

2010-жылы Пахани 6 жылга түрмөгө кесилип, ага 20 жылга сценарий жазууга, интервью берүүгө жана өлкөдөн чыгууга тыюу салынган. Режиссер ушул тапта эркиндикте жүрөт, бирок бир заматтын ичинде камалышы мүмкүн.

Анын фильмдери бир нече эл аралык сыйлыктарга татыган. Өзү болсо 2012-жылы Сахаров сыйлыгын алган.

5-февралда башталган Берлинале 15-февралда аяктамакчы.

XS
SM
MD
LG