Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 5-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 20:46

Бүгүн Чүйдүн Жайыл районундагы Сары-Булак айылында Кыргыз эл сүрөтчүсү, үчүнчү даражадагы “Манас” орденинин, Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыктын ээси Жоомарт Кадыралиевди акыркы сапарга узатуу зыйнаты өттү.

Жубайы Эркайым Кадыралиеванын "Азаттыкка" билдиришинче, сүрөтчү көзү тирүүсүндө сөөгүн өзү туулуп-өскөн Сары-Булак айылындагы көрүстөнгө койгула деп керээз калтырган.

Президент Алмазбек Атамбаев маркумдун үй-бүлөсүнө материалдык жардам көрсөтүү үчүн Социалдык коргоо жана колдоо боюнча президенттик фонддон 100 000 сом бөлгөнүн басма сөз кызматынан кабарлашты.

Кадыралиев 1995-жылы Таласта курулган “Манас” этнографиялык комплексинин эскизин даярдаган. “Эсимде”, “Туулган жер”, “Репрессиянын курмандыктарына эстелик”, “Кош бол, Алымкан” жана башка ондогон чыгармалары менен кыргыз сүрөт өнөрүндө өз ордун тапкан. (ZMa)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG