Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 20:00

Евразиялык өкмөттөр аралык кеңешинин биринчи жыйынына катышуунун алкагында Кыргызстандын өкмөт башчысы Жоомарт Оторбаев Казакстандын премьер-министри Карим Масимов менен жолугушту.

Жолугушуунун жүрүшүндө Оторбаев Казакстан негизги тышкы экономикалык өнөктөштөрдүн бири экенин белгиледи. Оторбаев менен Масимов эки өлкө ортосундагы соода мамилелерин күчтөндүрүп, бул үчүн зарыл шарттарды түзүү зарыл экенин белгилешти.

Ошондой эле жолугушууда Кыргызстандын Евразиялык экономикалык биримдикке кирүү маселесин, Бажы биримдигине кошулуу боюнча Жол картасы менен каралган иш-чараларды талкуулашты.

Москва шаарында өткөн Евразиялык өкмөт аралык кеңештин I жыйынына Кыргызстандын, Орусиянын, Армениянын, Беларустун жана Казакстандын өкмөт башчылары катышты. (ZMa)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG