Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 12:05

Бөйрөгү оорулуулардын көйгөйүн жумушчу комиссия иликтейт


Бөйрөк оорусу менен жабыркагандардын көйгөйүнө байланыштуу жумушчу комиссия түзүлүп, анын курамына Жогорку Кеңештин депутаттары Ыргал Кадыралиева, Игорь Гусаров, Роман Шин, Ширин Айтматова жана тиешелүү министрликтер менен ведомство, коомдук уюмдардын өкүлдөрү кирди.

Аптасына бир жолу чогула турган жумушчу комиссия бөйрөк алмаштыруу, оорулууларга дары-дармектердин кымбаттыгы, гемодиализ аппаратынын жетишсиздиги өңдүү маселелерди иликтейт.

Ушул тапта Кыргызстанда 1488 адам бөйрөк оорусунан жабыркап келет. 3-февралда Ак үйдүн алдына 50дөй бөйрөк оорулуу жарандар чыгып, алардын жагдайын мамлекет көңүл сыртында калтырып жатканына нааразылыгын билдиришкен. (ZMa)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG