Линктер

шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 20:18

ИМ: Иорданиянын аба чабуулунан америкалык туткун набыт болду


"Ислам мамлекети" тобунун согушкерлери Иорданиянын аскер аба күчтөрүнүн чабуулунун натыйжасында Сириянын Ракка шаарында америкалык туткун Кайла Жин Мюллер набыт болгонун маалымдашты. АКШнын Мамлекеттик департаменти "Ислам мамлекетинин" интернет сайтында пайда болгон бул билдирүүнү тастыктай албай турганын, бирок "бул кабарга абдан кабатыр болуп жатышканын" билдирди.

Иордан аба күчтөрүнүн чабуулу бир сааттан ашык убакытка созулганы кабарланууда.

“Ислам мамлекети” террордук тобу туткундагы иордан учкучу Муат ал-Касеасбехди тирүүлөй өрттөгөнү тууралуу тасма тараткандан кийин иордан бийлиги согушкерлерге каршы чабуулун күчтөндүрөрүн билдирген. (ZMa)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG