Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 10:05

“Сулайман-Тоо – Ак-Буура” ишканасы жоюлат


Бул тууралуу Ош шаардык кеңешинин төрагасы Улан Примов шаар бюджетин талкуулоого арналган коомдук угууда билдирди.

Анын айтымында, “Сулайман-Тоо – Ак-Буура” ишканасы пайдалуу жумуш аткарбаса да мекемени каржылоого шаардык казынадан жыл сайын 8 миллион сом бөлүнүп турат.

Жергиликтүү депутаттар мекемени жойгондон кийин түшчү каражатты калаадагы балдар аянтчаларын курууга сарптоону чечишти.

Шаардык кеңештин депутаттары “Сулайман-Тоо – Ак-Буура” муниципалдык ишканасын жоюу демилгесин буга чейин да көтөрүп келген. Тоонун абалын көзөмөлдөө жоопкерчилигин өзүнө Сулайман-Тоо музей комплекси алган, ал эми Ак-Бууранын жээгин экологиялык инспекция көзөмөлдөп келет. Бул эки коруктагы тазалыктын абалын “Сулайман-Тоо – Ак-Буура” муниципалдык ишканасы көзөмөлдөчү. (YI)

XS
SM
MD
LG