Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 13:48

Жалал-Абадда жылына 30 миң тоннадан ашык күйүүчү май өндүрүлөт


Шаарда "Кыргыз Петролеум" мунайды кайра иштетүүчү ишканасы 2014-жылы 25,5 миң тонна солярка жана 8,3 миң тоннага жакын А-80 бензинин өндүргөн. Бул тууралуу "Азаттыкка" ишкананын директорунун орун басары Муктар Артыкбаев билдирди.

Маалыматка караганда, чыгарылган продукция негизинен өлкөнүн ички чарбалык иштерине жумшалып, калган 10% жакыны башка өлкөлөргө экспорттолот. Ошондой эле өткөн жылы 75 миң тонна мазут иштелип чыккан.

Учурда компаниянын өзүндө А-80 үлгүсүндөгү бензиндин литри 30 сом 08 тыйындан, солярка 31 сом 80 тыйындан сатылат. (RsK)

XS
SM
MD
LG