Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:34

Жанызак: Жапаровдун китептерин саттырбай жатышат


Садыр Жапаровдун "Саясатка аралашкан 10 жыл" аттуу китебин базарда сатууга тыюу салып жатышканын "Азаттыкка" журналист, китепти басып чыгарган Жаныбек Жанызак билдирди.

Анын айтымында, ушул аптанын башында өзүн милициянын кызматкерлери деп тааныштырган адамдар китеп базарындагы сатуучуларды кыдырып чыгып, аталган китепти сатууга тыюу салышкан.

Жаныбек Жанызак аны буга чейин да прокуратурага чакырышып, эмненин негизинде иш алып барарын териштирип, Садыр Жапаровдун китеби тууралуу суроолорду беришкенин айтты.

- Менде китеп чыгарууга уруксат берген бардык документтер бар. Салыкты өз убагында төлөйм. Садыр Жапаров мен үчүн башка авторлордой эле кардарлардын бири. Ал адегенде китебин интернеттеги өзүнүн баракчасына жүктөгөн. Андан кийин мен ага китеп кылып басып чыгарууну сунуштагам. Адегенде 1000 нуска менен чыгаргам. Кийин дагы 1000 нуска чыгардым. Бирок аны азыр саттырбай жатышат.

Экс-депутат Садыр Жапаровдун «Саясатка аралашкан 10 жыл» аттуу китеби январдын башында жарык көргөн. Анда автордун коомдук-саясий турмушка активдүү аралашкан он жыл ичиндеги башынан өткөргөн окуялары сүрөттөлөт. (ZMa)

XS
SM
MD
LG