Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:56

Шералы Назаркуловду эскерүү иш-чарасына студенттер да катышты


Бүгүн укук коргоочу, 2002-жылы 7-февралда Үзөңгү-Кууштун Кытайга берилишине каршы 22 күн ачкачылык кармап, каза болгон Шералы Назаркуловду эскерүү иш-чарасы И.Арабаев атындагы университетте өтүп, ага жүзгө жакын студент, коомдук ишмерлер жана санаалаштары катышты. Бул тууралуу "Азаттыкка" Борбор Азия мамлекеттеринин укук коргоочулар конгрессинин координатору Турсунбек Акун билдирди.

Анын айтымында, студенттерге Шералы Назаркулов, Аксы окуясы, ошол учурдагы саясий кырдаал тууралуу маалымат берилди.

- Студенттердин көбү Назаркулов тууралуу билбейт экен. Ошондуктан Шералы Назаркуловду эскерүү иш-чараларын Кыргызстандын башка облустарында да өткөрүүнү пландаштырып жатабыз. Ошондой эле Назаркулов тууралуу мыкты дил баян жазган студенттер арасында сынак жарыялайын деп чечтик.

Шералы Назаркуловду эскерүү иш-чарасы кечээ да өткөн. Ага катышкан Жогорку Кеңештин депутаттары, акыйкатчы, мамлекеттик, коомдук ишмерлер, укук коргоочулар жана жакын туугандары маркумдун эстелигине гүл коюп, куран окушкан. (ZMa)

XS
SM
MD
LG