Линктер

шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 14:39

Оторбаев Дүйнөлүк банктын аткаруучу директору менен сүйлөштү


Бүгүн премьер-министр Жоомарт Оторбаев Дүйнөлүк банктын аткаруучу директору Йорг Фриден менен жолугушту. Өкмөт башчы Дүйнөлүк банк өлкөнүн социалдык-экономикалык өнүгүүсү үчүн көрсөтүп жаткан жардамы, аны менен катар аталган банктын Директорлор кеңешинин Кыргызстандын энергетикалык тармагындагы реформаларга 24 млн. доллар бөлүү тууралуу чечими үчүн ыраазычылыгын билдирди.

Жолугушуунун соңунда тараптар экономикалык өнүктүрүү жана өлкөнүн инвестициялык жагымдуулугун жакшыртуу үчүн туруктуулукту сактоо зарылчылыгын белгилешти. (ZMa)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG