Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 08:53

Комадагы наристе ооруканадан чыгарылбайт


10-январь түнү атасынын бир тууганынан запкы көрүп, катуу сабалып, азыр комада жаткан эки жашар наристени ооруканадан чыгаруу жана аны көчмө үйдө карай турган адам табуу керектиги тууралуу кайрымдуулук фонддор социалдык тармактарга жазып чыгышкан.

Укук коргоочулар наристе комада жатса да Бишкек шаардык балдардын клиникалык тез жардам ооруканасынан чыгаруу варианты каралып жатканын айтышкан. Балдардын укугун коргоо лигасынын жетекчиси Назгүл Турдубекованын “Азаттыкка” айтымында, баланы ооруканада убактылуу кармап туруу чечими 7-февралда дарыгерлер менен кеңешкенден кийин кабыл алынды. Азыр запкы көргөн наристе өз алдынча дем алып калганы менен комадан чыга элек. Ага төртүнчү даражадагы кома диагнозу коюлган.

Наристе 10-январь түнү катуу сабалып, зордукталып Бишкек шаардык балдардын тез жардам клиникасына оор абалда түшкөн. Окуя боюнча кылмыш иши козголуп, баланын атасы, анын агасы, жубайы убактылуу тергөө абагына камалган. (BCh)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG