Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:28

Мюнхен конференциясында Лавров Батышты айыптады


Сергей Лавров.
Сергей Лавров.

Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров Мюнхенде өтүп жаткан конференцияда Европадагы коопсуздукка, айрыкча Украинадагы стабилдүүлүккө коркунуч келтирип жатканы үчүн НАТО менен АКШны сындады.

Министр Лавров Евробиримдик менен Орусиянын стратегиялык кызматташтыгынын бекемдиги сыноодон өтпөй калганын, европалыктар Орусия менен алакаларда "конфронтациялык жолду" тандаганын айтты. "Европадагы коопсуздукту камсыздоодогу терең жана системалык проблемалар" бардыгын соңку жылдагы окуялар көрсөтөn деген министр алар кайсы экенин ачык айткан жок. Лавров "Кыйын кырдаал түзүлгөн кезде Батыш Орусияны айыптоого аракеттенет" деп кошумчалады.

Украинанын чыгышындагы кырдаалды жөнгө салуу боюнча сөзүндө Лавров АКШ менен Евробиримдик Донбасстагы жаңжалды күчөтүүдө деп айыптап, кыйын кырдаалдан тынчтык менен чыгууга жол бардыгын айтты.

Ишембиде Мюнхенде 51-ирет өтүп жаткан Коопсуздук конференциясынын катышуучулары Украинадагы кризисти талкуулашты. Катышуучулардын арасында АКШнын вице-президенти Жо Байден, АКШнын мамлекеттик катчысы Жон Керри, Евробиримдиктин тышкы иштер жана коопсуздук саясаты боюнча мекемесинин жетекчиси Федерика Могерини, Германиянын тышкы иштер министри Франк-Вальтер Штайнмайер бар.

XS
SM
MD
LG