Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:05

Нефтетрейдерлер: чек арада турган вагондор үчүн айып төлөбөйбүз


Нефтетрейдерлер ассоциациясы Казакстандын чек арасында күйүүчү май ташыган вагондор үчүн айып төлөөдөн баш тартты. Бул тууралуу "Азаттыкка" аталган ассоциациянын аткаруучу директору Улан Кулов билдирди.

Куловдун айтымында, "Казакстан темир жолу" улуттук компаниясы казак чек арасында 2014-жылдын апрелинен бери турган вагондор үчүн 13 миллион доллар көлөмүндө айып төлөөнү талап кылууда.

- Келишимге ылайык, мындай учурда айыпты экспедитордук компания төлөйт. Вагондордун бир жылдан бери чек арада туруп калышында биздин күнөө жок. Ошондуктан айыптарды төлөөдөн баш тартабыз. Бул багытта өкмөткө, тиешелүү структураларга жана казак тарапка маалымат бердик.

Учурда Казакстандын чек арасында 352 вагон өтө албай турат. Өткөн жылдын апрелинде Казакстандын Бажы кызматы документтер туура эмес толтурулган деген жүйө менен күйүүчү май ташып келаткан 352 вагонду Кыргызстанга өткөрбөй койгон.

2014-жылдын ноябрь айында Кыргызстандын президенти Алмазбек Атамбаев казак президенти Нурсултан Назарбаевден вагондорду өткөрүп коюуну өтүнгөн. Сүйлөшүүлөрдөн кийин 91 вагон гана чек арадан өткөн. (ZMa)

XS
SM
MD
LG