Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 03:35

Оштун студенттери Германияга барышат


Ош мамлекеттик университетинин медициналык факультетинин 14 студенти Германиянын алдыңкы клиникаларында практикадан өтүүгө жөнөп жатышат. Бул тууралуу окуу жайдын маалымат кызматынан кабарлашты.

14 студент жана 2 окутуу Германиянын Мюнхен, Киль жана Йена шаарларында медициналык жаңы жабдууларды колдонгонду үйрөнүшөт.

Буга чейин да университеттин башка студенттери Берлин клиникаларында кыска мөөнөттүү практикадан өтүп келишкен. Учурда Ош мамлекеттик университетинин медицина факультетинин 16 бүтүрүүчүсү Германияда иштешүүдө. (YI)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG