Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:31

Дарыга ууланган адамдын абалы оор бойдон


2015-жылдын 6-январында Бишкек шаарынын 22 жаштагы тургуну Рыскелди Садыбакас уулу сасык тумоолоп калып, дарыканадан "Терафлю" дарысын сатуучунун кеңеши менен алып ичкен. Дарыны ичери менен көздөрү кызарып, шалдырап, денесинде кызыл тактар пайда боло баштаган.

Рыскелдинин бир тууган агасы Асылбек Садыбакасов "Азаттыкка" буларды айтты:

- Достору Жугуштуу оорулардын ооруканасына алып барып жаткырган экен, аны бизге да айтышкан эмес. Ал жактагы дарыгерлер Рыскелдини кызылча деген диагноз менен дарылай баштаптыр. Бирок абалы улам оорлой берген. Акыры тааныш догдурдун жардамы менен Бишкек шаарындагы Травматология жана ортопедия илим изилдөө борборунун Токсикология бөлүмүнө котордук.

Учурда Рыскелди Садыбакас уулуна кымбат баалуу кан препараттары жана дары-дармек куюлууда. (BCh)

XS
SM
MD
LG