Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 00:14

Жаштар саясатына баа берилет


Ошто “Жаштар саясатынын кыймыл-аракети” аттуу коомдук уюмдар бирикмеси Кыргызстандагы жаштар саясатынын кандай ишке ашып жатканын иликтөөдө.

Бул тууралуу “Азаттыкка” “Оштун жаштары” коомдук уюмунун жетекчиси Акмарал Сатинбаева билдирди.

- Кыргызстанда жаштарды иш менен камсыздоо, аларды тарбиялоо багытында Жаштар министрлиги, жаштар борборлору, карьера борборлору түзүлгөн. Ошол борборлордун иши жаштар арасындагы жумушсуздукту жоюуда канчалык жыйынтык берип жатканы бааланат. Изилдөөдөн алынган маалыматтардын негизинде сунуштарды даярдап, жаштар саясатын жүргүзүү боюнча жол картанын аткарылышына кошобуз.

Сатинбаеванын айтымында, изилдөөнүн жыйынтыгы февралдын соңунда чыгарылып, коомчулукка угузулат. Изилдөөнүн алкагында иши бар жана жумушсуздар, жаштар борборлору арасында сурамжылоо жүргүзүлгөн. (YI)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG