Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:40

Иордания ИМ тобунун турумдарына элүүдөн ашуун рейд жасады


Иордан учактары "Ислам мамлекети" тобунун турумдарына сокку ургандан кийинки көрүнүш. 5-февраль, 2015-жыл.
Иордан учактары "Ислам мамлекети" тобунун турумдарына сокку ургандан кийинки көрүнүш. 5-февраль, 2015-жыл.

Иорданиянын аскерий учактары “Ислам мамлекети” тобунун турумдарына акыркы үч күн ичинде 56 ирет рейд жасаганын бул өлкөнүн аскер-аба күчтөрүнүн командачысы билдирди.

Генерал Мансур ал-Жубур Аммандагы басма сөз жыйында ырастагандай, ал рейддер учурунда “Ислам мамлекети” тобунун логистикалык борборлору, курал кампалары талкаланды, согушкерлер жашырынган жерлерге сокку урулду.

Иордания буга чейин алардын туткунга түшкөн учкучу Муас ал-Касасбаны тирүүлөй өрттөп өлтүрүшкөнү үчүн “Ислам мамлекети” тобунан “айоосуз” өч алынарын убада кылган.

Бул аралыкта Бириккен Араб Эмираттары 8-февралда ИМ тобунун Сирия менен Ирактагы турумдарына сокку уруп жаткан коалицияга кошулуш үчүн Ф-16 аскерий учактарынын эскадронун Иорданияга жөнөткөнүн жарыялады.

Былтыр декабрда иордан учкучу учагы Сириянын аймагында кыйрап, “Ислам мамлекети” тобуна колго түшкөндөн кийин БАЭ коопсуздук жүйөсүнөн улам өз учкучтарын чакыртып алган болчу.

АКШ Мамлекеттик катчысы Жон Керри Мюнхендеги коопсуздук конференциясында сүйлөгөн учурунда коалициялык күчтөрдүн былтыр августа башталган аба соккулары “Ислам мамлекети” тобу былтыр басып алган жерлердин 20 пайызын кайра алууга салым кошконун белгиледи. (UE)

XS
SM
MD
LG