Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 5-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 20:50

Египетте полиция менен футбол ышкыбоздорунун кагылышынан 14 адам мерт болду


Кагылышуу борбор Каирдеги стадиондо орун алды. Мамлекеттик теленин кабарына караганда, каза тапкандардын көбү - жүздөгөн футбол ышкыбыздору стадионго күч менен кирүүгө аракеттенгенде тебелендиде калгандар.

Ички иштер министрлиги “Замалек” жана “Енпи” футбол клубдарынын бүгүнкү мелдешине катыша ала тургандардын санын 10 миң деп чектегендиктен, билеттер тез эле сатылып кеткен. Полиция стадионго агылгандардын жолун тороо үчүн көздөн жаш агызуучу газ колдонгон.

Бул 2012-жылдан бери спорттук иш-чара учурундагы эң кандуу окуя болуп калды.

2012-жылдын февралында Порт-Саид шаарында Каирдин эки командасынын мелдешинен кийинки кагылышта 74 кишинин өмүрү кыйылып, жүздөгөндөрү жаракат алган. (UE)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG