Линктер

жекшемби, 23-апрель, 2017 Бишкек убактысы 11:47

Кыргызстандын тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаевдин расмий сапары эки күн болот, анда Кыргызстан менен Тажикстандын Тышкы иштер министрлери эки тараптуу кызматташуу боюнча сүйлөшөт. Айрым маалыматтар боюнча КР Тышкы иштер министрин Тажикстандын президенит Эмомали Рахмон кабыл алышы күтүлүүдө.

Маалыматтарга ылайык, жолугушуунун жүрүшүндө аймактагы коопсуздук менен туруктуулукту бекемдөө, интеграциялык жараяндардын өнүгүүсү үчүн биргелешип колдоо көрсөтүү маселелери да талкууланышы ыктымал.

Кыргызстан менен Тажикстандын дипломаттык мамилеси 1993-жылдан тартып түзүлгөн. 1997-жылы Кыргызстанда Тажикстандын, Тажикстанда Кыргызстандын элчиликтери ачылган.(ZKo)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG