Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:47

Ошто каза тапкан жоокердин ата-энеси маалымат жыйынын өткөрөт


Оштогу чек ара отрядында асынып өлдү делген жоокер Кубаныч Ногойбаевдин жакындары “уулу өзүн-өзү асып алды” деген маалыматка ишенбей келишет. Мурдараак маркумдун таежеси Кубанычтын моюнунда жиптин изи жоктугун жана денесинде көгала тактар болгонун билдирип, аскер ур-токмоктун курмандыгы болду деп айткан.

Бүгүнкү маалымат жыйынында маркум жоокердин ата-энеси аскердик жетекчиликке, мамлекет башчыга кайрылуу менен чыгышмакчы.

11-январда Ош чек ара отрядында кызмат өтөп жаткан 19 жаштагы Кубаныч Ногойбаев өзүн-өзү асып алганы тууралуу Чек ара кызматы маалымат тараткан. Жоокер аскердик милдетин өтөөгө өткөн жылы күздө чакырылган.

Учурда окуяны Аскер прокуратурасынын Ош шаардык гарнизону иликтеп жатат.

Аскер прокуратурасынын маалыматы боюнча, 2014-жылы армияда 12 аскер кызматкери каза болсо, анын ичинен жетөө өз жанын кыйган.(ZKo)

XS
SM
MD
LG