Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 14:50

Немис Чалгын кызматы: Донбасста өлгөндөрдүн саны 50 миңге жетет


Луганскидеги кыштакты орусиячыл сепаратисттерден тазалоо учуру. 28-январь, 2015-жыл

Луганскидеги кыштакты орусиячыл сепаратисттерден тазалоо учуру. 28-январь, 2015-жыл

Бул тууралуу The Frankfurter Allgemeine Sanntagszeitung гезити Германиянын Чалгын кызматына таянып жазып чыкты. Андагы маалыматтар боюнча, 2014-жылы апрель айында Украинанын чыгышындагы согуш башталгандан бери түрдүү жолдор менен өлгөндөрдүн саны 50 миңден ашты. Бул расмий көрсөткүчтөрдө берилген маалыматтан дээрлик он эсе көп. Макалада БУУ менен украин бийликтери берген маалыматтарга ишеним аз деп жазылат.

Украинанын президенти Петро Порошенко ишембиде Мюнхенде болгон эл аралык жыйында Донбасста 1200 аскер жана 5400 жайкын тургун мерт кеткенин айткан. Ал эми БУУ 3-февралдагы баяндамасында Украинанын чыгышындагы кагылыштарда өлгөндөрдүн саны 5400 чамалуу деп айтылган.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG