Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 02:49

Дарыгер боорун алмаштырууга муктаж


Борбор калаадагы №4 оорукананын токсикология бөлүмүнүн башчысы, дарыгер Нурлан Ибраимов коомчулукка кайрылып, боорун кыска мөөнөттө алмаштыруу зарылчылыгын, буга каражаты жоктугун билдирди. Кайрылууда айтылгандай, дарыгер гепатиттин С түрүн иштеп жүргөн учурунда жуктуруп алган, акыркы үч жылдан бери Кыргызстанда жана башка мамлекеттерде дарыланып, айыга алган эмес. Боорун алмаштыруучу операция Түркияда жасалат. Операция үчүн 100 миң доллар каражат керек. Аны төлөөгө чама-чаркы келбей жаткан дарыгер калктан жардам суроодо, кайрылууда Нурлан Ибраимов үч баласы бардыгын, кичүүсү беш жашта экенин белгилеп, келинчеги да айлык акысы аз бюджеттик кызматта иштерин айтып кеткен.

Нурлан Ибраимов №4 оорукананын токсикология бөлүмүн 1999-жылдан бери башкарып келет.

Дарыгердин атына “Демир” банктан эсеп ачылган.

Доллар үчүн - 1180000060755855

Сом үчүн - 1180000060755754

Азаттык Фейсбукта

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG