Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 04:28

Оор маңзаттарды мыйзамсыз ташыган уюшкан топко катыштыгы бар деген шек менен Лейлек райондук ички иштер башкармалыгынын кылмыш иликтөө бөлүмүнүн башчысы жана анын бир тууганы колго түштү. Бул тууралуу УКМКнын маалымат катчысы Рахат Сулайманов “Азаттыкка” билдирди.

- Кармалган кылмыштуу топ Тажикстандан мыйзамсыз ташылган ири көлөмдөгү маңзаттарды Кыргызстан аркылуу Орусияга чыгарып жүргөнү аныкталды, - деди Сулайманов.

Майордун бир тууганы “Максат” чек ара отрядында иштеп келген. УКМКнын маалыматына караганда, буга чейин Маңзат көзөмөл кызматынын эки кызматкери, уюшкан топтун мүчөлөрү деген эки адам 50 кг маңзат менен кармалып, сот чечими менен тергөө абагына камалган. Учурда Маңзат көзөмөл кызматынын тергөө тобу бул факт боюнча териштирүү жүргүзүп жатат. (UEz)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG