Линктер

шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 16:40

Расмий Бишкек Африка континентинин айрым өлкөлөрү менен дипломатиялык мамилесин чыңдоону көздөп жатат. Бүгүн тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаев Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер боюнча комитетинин кароосуна Судан, Конго, Сомали, Кот-Д’Ивуар, Жибути жана Бутан менен келишимдердин долбоорун сунуштады. Алыстыгына байланыштуу аталган өлкөлөр менен кызматташтык анча өнүкпөй келгенин, бирок эгер келишимдер кабыл алынса дипломатиялык байланыш түзүү мүмкүнчүлүгү бар экенин айтты. Министр ошондой эле бул өлкөлөр Кыргызстандын БУУнун Адам укуктары боюнча комитетине талапкерлигин колдоо ниетин билдирип жатканын кошумчалады.

Учурда Кыргызстан БУУ комитетине 2016-2018-жылдары мүчө болууга аракет көрүүдө. БУУнун Адам укуктары боюнча комитети Жарандык жана саясый укуктардын сакталышын көзөмөлдөөчү көз каранды эмес орган. (RK)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG