Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:56

Донецкте катуу жарылуу болду


Жарылуу 9-февралга караган түнү орун алды. Жарылуунун күчү шаардагы бир нече чакырым алыстагы үйлөргө сезилип, терезелери күбүлүп түштү.

Азырынча каза болгон жана жараат алгандар тууралуу маалымат айтыла элек. Орусиянын "РИА-Новости" агенттиги жикчилдерге шилтеме берип жазышынча, жарылуу шаардагы химиялык заводдо орун алган. Жикчилдер заводго ракета келип тийгенин айтышууда.

Ал эми украин өкмөттүк күчтөрү жарылуу жикчилдердин курал-жарактары сакталган кампасында болгонун билдирүүдө. “Оңчул сектор” кыймылынын лидери Дмитрий Ярош фейсбукта бул жарылуудан жикчилдердин жыйырмага жакын ракета атуучу “Град” системалары, 30 автоунаа жана 200гө жакын жикчил жок кылынды деп жазып чыкты. Бирок маалымат тастыктала элек.

Донецк түндүгүндө орун алган завод 2014-жылдын сентябрында атышуу алдында калган. Анда танктар үчүн жабдыктар жана өндүрүштүк жардыргыч заттары чыгарылат жана курал-жарактар утилизацияланат.

XS
SM
MD
LG