Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 13:04

Египет: полиция менен кагылышта мерт болгондордун саны 19га жетти


Баш калаа Каирдин стадионундагы футбол күйөрмандары менен полициянын кагылышында кеминде 19 адам каза болду. Бул тууралуу Египеттин мамлекеттик каражаттары жазып чыкты.

“Замалек” жана “Енпи” футбол клубдарынын беттешине 10 миң билет чыгарылган. Билеттер тез эле сатылып кеткен. Полиция стадионго агылгандардын жолун тороо үчүн көздөн жаш агызуучу газ колдонгон.

Бул 2012-жылдан бери спорттук иш-чара учурундагы эң кандуу окуя болуп калды.

2012-жылдын февралында Порт-Саид шаарында Каирдин эки командасынын мелдешинен кийинки кагылышта 74 кишинин өмүрү кыйылып, жүздөгөндөрү жаракат алган.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG