Линктер

logo-print
шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 12:03

Москва: бычак жеген кыргызстандыктын абалы оор


Кыргыз милициясынын Орусиядагы өкүлү Аскат Алиевдин “Азаттыкка” билдиришинче, Москвада массалык мушташтан бычак жеген дагы бир кыргызстандыктын абалы оор.

- Мушташ кыргыз кафелердин биринде чыккан. Бир нече жерине бычак сайылган жаран учурда реанимацияда,- деди Алиев.

Кечээ түнү Москвадагы кафелердин биринде кыргызстандыктар арасында массалык мушташ чыккан. Анда бир жаран каза таап, экөө оор жараат алган. Учурда мушташтын себептери иликтенүүдө. Мушташта, мындан сырткары бир канча кыргыз жараны жабыркаган, бирок алар жарааты жеңил болгондуктан оорукандан чыгып кетишкен. (UEz)

Азаттык Фейсбукта

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG