Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 23:46

Кара-Көл: Сууга чөккөндөрдүн бирөө табылды


Нарын дарыясына чөгүп, дайынсыз жоголгондордун бири Бекташов Нурбектин сөөгү табылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен кабарлашты. Маркумдун сөөгү жакындарына өткөрүлүп берилди.

4-февралда Кара-Көлдүн үч тургуну Нарын дарыясында балык уулап жүргөндө кайык коңторулуп кеткен. Натыйжада алардын бирөө суудан өз алдынча чыгып, экөө чөгүп кеткен. Учурда 24 жаштагы Нуркалый Юсупбековду издөө иштери улантылып жатат. (UEz)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG