Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 16:02

Греция: Ципрас Евробиримдиктен кыска мөөнөттүү насыя күтөт


Грециянын премьер-министри Алексис Ципрас Евробиримдиктин экономикалык жардамы боюнча программанын уланышын каалабайт, бирок европалык өнөктөштөрдөн кыска мөөнөттү насыя алууну көздөйт. Бул тууралуу Ципрас парламентте сүйлөп жатып билдирди. Ал Экинчи дүйнөлүк согуш учурундагы фашизмге каршы күрөш үчүн Германиядан компенсация талап кыларын шардана кылды. Анын айтымында, Германия Европа өлкөлөрүнүн алдында моралдык карызы бар.

Ошондой эле Ципрас шайлоо алдында берген убадаларын аткарарын айтып, айлык акыны көтөрөрүн жана “катаал үнөмдөө” саясатынын негизинде кыскартууга туш болгондорду кайра жумушка аларын билдирди.

Жакында парламенттик шайлоодо жеңген солчул СИРИЗА партиясы жана анын лидери Алексис Ципрас элге өлкөнүн 318 миллиард евролук карызын төлөөнүн шарттарын кайра сүйлөшүүнү, айлык жана пенсияларды көтөрүүнү, иштен кыскартууларды, мамлекет колундагы мүлктү менчиктештирүүнү токтотууну убада кылган.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG