Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:35

Оппозициянын АКШ сапары карыды


BRICS уюмуна таандык экени айтылган сайтта чыккан макала
BRICS уюмуна таандык экени айтылган сайтта чыккан макала

Эл аралык BRICS уюмуна таандык экени айтылган сайт “Вашингтон Кыргызстанда дагы бир ыңкылап даярдап жатканы” тууралуу божомолду жарыялады. Анда кыргыз оппозициясынын АКШга сапары да сөз болот.

Кыргыз оппозициясынын мүчөлөрү АКШ жана Түркия сапарларынан кайтып келишти.

Талашка жем таштаган макала

BRICS уюмуна таандык делген briksglobal.ru cайтында жарыяланган макала "чү" дегенде эле “Кыргызстанда дагы бир жолу түстүү ыңкылап болушу ыктымал” деген божомол менен башталат. Сайттын бурчунда BRICS уюмунун эн белгиси коюлган. Бирок bricsglobal.ru cайты BRICS уюмуна канчалык деңгээлде таандык экени белгисиз. Анткен менен аталган сайтта негизинен орус тилинде BRICS тууралуу макалалар жарыяланган.

Brikcglobal.ru cайтындагы макалада кыргыз оппозициясынын жакында эле АКШга барып, ал жактагы саясатчылар менен демократияны чыңдоо маселесинде сүйлөшүп келгени тууралуу сөз болот. Кыргызстандын Евразиялык экономикалык биримдикке багыт алышы АКШга жакпай жаткандай деп да айтылат.

Ушундай эле өңүттөгү пикирлер Кыргызстандагы айрым маалымат булактарына да жарыяланды.

Бирок оппозиция АКШга өздөрү иштеп чыккан Кыргызстандын өнүгүү багыты жана Орусиядагы соңку кризистин таасирине туруштук берүүчү “Максаттуулук жана сабырдуулук” программасы талкуулоо үчүн барганын билдирген эле.

Муну менен катар АКШдагы жолугушууларда өлкөдөгү сөз эркиндиги боюнча да маселе көтөрүлөрү белгилүү болгон. Оппозиция бул кадамын Орусиянын саясатын жактаган медиалар дүйнөдөгү окуяларды бир беткей берип, элдин башын айлантып жатканын, ага каршы туруу үчүн улуттук кызыкчылыкты көздөгөн маалымат каражаттарын көбөйтүү зарылдыгы менен түшүндүргөн.

АКШга кеткен оппозициянын максаты
please wait

No media source currently available

0:00 0:06:41 0:00

Оппозициянын оюнда ыңкылап жок

Улуттук оппозициялык кыймылдын төрагасы Равшан Жээнбеков мындай божомолдор көз караштары эки ача болуп турган Орусия менен АКШнын мамилесинен улам Кремл тараптан атайын чыгарылып жатканын айтууда:

Равшан Жээнбеков
Равшан Жээнбеков

​- Биз Америкага он бешке жакын адам бардык. Эгер Кыргызстанда төңкөрүш жасоо аракети тууралуу сүйлөшүүлөр болгондо, жок дегенде ошол он беш кишинин бирөө сыртка тымызын болсо да айтып бермек. Экинчиден, азыркы учурда эч кайсыл мамлекет кай бир өлкөдө ыңкылап кылуу үчүн акча бербейт. Ошондуктан, мен муну Кремлдин буйрутмасы аркылуу жасалып жаткан иш деп баалайм.

Улуттук оппозициялык кыймылдын АКШга сапары депутат Равшан Жээнбековдун демилгеси менен 23-январда башталып, он күндөй убакытка созулду. Ал жактан түз эле Түркияга келип, түрк саясатчылары менен үч күн сүйлөшүүлөрдү жүргүзүштү. Оппозиционерлер жогорудагы жолугушууларда Кыргызстанды экономикалык кризистен алып чыгуу жолдору боюнча талкуулар болгонун айтышууда. Ошондой эле Кыргызстандагы саясий абал тууралуу талкуулар жүргөнүн, бирок эч кандай төңкөрүш жасоо демилгеси көтөрүлбөгөнүн белгилешүүдө.

Саясатчы Кубатбек Байболовдун пикиринде, сапардын тамырын ыңкылапка байланыштырган пикирлердин жаралышы – маалыматтык согуштун натыйжасы болууда:

Кубатбек Байболов.
Кубатбек Байболов.

​- Кыргызстандын эгемендигин алгач АКШ тааныган. Андан бери түрдүү тармактарды өнүктүрүүгө 3 млрд. доллардан ашуун жардам кылды. Бул мамлекеттин башаламандык уюштурууга көмөктөшүү ниети болушу мүмкүн эмес. Оппозиция мүчөлөрү ыңкылап жасоо ниетинде эместигин нечен кур айтып келүүдө. Ага да болбой ушактар чыгып жатпайбы. Мен кыргыз коомчулугун жалаң бир тарапка жан тарткан маалымат булактарын эмес, эл аралык башка медиа уюмдардын да жаңылыктарын карап, анализ жасоого чакырат элем.

Маалыматтар согушу - кадыресе көрүнүш

Ал эми серепчи Марат Жаанбаевдин айтымында, геосаясий абал чыңалып турган учурда эл аралык деңгээлде ар кандай божомолдордун, маалыматтардын чыгышы кадыресе көрүнүш. Ал Орусияга ыктаган пикирлердин жаралышы – Евразия экономикалык биримдигине мүчө мамлекеттердин бири-бирине тилектеш экендигинин да белгиси деген ойдо.

Марат Жаанбаев.
Марат Жаанбаев.

​- Кыргызстан учурда чоң саясий-экономикалык альянска кошулуп жатат. Евразия экономикалык биримдигине мүчө өлкөлөр бири-биринен тилектештикти күтөт. Оппозиционерлер ыңкылап жасоо үчүн АКШдан жардам сурап жатканы тууралуу Кыргызстандын өзүндө да пикирлер жаралып жатпайбы. Бул деле ошол тилектештиктин бир көрсөткүчү. Ошондой эле азыр Украинадагы окуялардан улам Москва менен Вашингтондун тиреши күчөп турган учур. Андай кезде башка мамлекеттер эки фронтко бөлүнүп, өзү каалаган тарапты колдоого алышы - мыйзам ченемдүү эле көрүнүш. Ыңкылап тууралуу жарыяланган божомол да анын бир түрү. Менин жеке оюмда мындай пикирлердин чыгышында чоң коркунуч деле жок.

Ал эми BRICS уюмуна беш мамлекет мүчө. Алар – Бразилия, Орусия, Индия, Кытай жана Түштүк Африка. Экономикалык шериктештик максатында түзүлгөн уюм аталган мамлекеттердин баш тамгаларынан куралган.

XS
SM
MD
LG