Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:56

Кулчулуктан куткарылган кыз апасын тапты


Бул тууралуу "Азаттыкка” кулчулуктан куткарылган Жумагүл Жусуп кызынын жердеши Талант Бекбаев билдирди. Анын айтымында, кыздын 70 жаштагы апасы Ноокатта жашайт.

- Биз азыр Ошко жолго чыктык. Ал жерде 70ке чыккан апасы бар экен. Угушубузча материалдык абалы начар болгондуктан кызын издегенге деле мүмкүнчүлүктөрү болбоптур, - деди Бекбаев.

Үч жыл мурда анча тааныш эмес адамдар менен Казакстанга иштегени барып кулчулукка кабылган Жумагүлдү “Замандаш” бирикмесинин өкүлдөрү куткарып келишкен. Ал “Азаттыкка” курган маегинде жакындарын таппай жатканын айткан. Ал 23-мартта 25 жашка толот. (UEz)

XS
SM
MD
LG