Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 22:42

Бүгүнкү күндө биометриялык каттоодон өткөндөрдүн жалпы саны боюнча Ош облусу алдыда келатат. Бул тууралуу бүгүн Мамлекеттик каттоо кызматынан кабарлашты. Ош облусу боюнча биометриялык маалымат тапшыргандарын саны 84% болду. Ал эми эң пассивдүү Бишкек шаары болууда – 47%.

Жалпы республика боюнча биометриялык каттоого алынчулардын саны 3 миллион 777 миң киши. Бүгүнкү күнгө карата 2 миллион 260 миңден ашууну, башкача айтканда 60% тапшырды.

Мыйзам боюнча өзү тууралуу биометриялык маалымат тапшырууга 16 жаштан улуу курактагы жарандардын баары милдеттүү. (RK)

Азаттык Фейсбукта

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG