Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 18:39

Вашингтондо Обама менен Меркелдин жолугушуусу башталды


АКШ президенти Барак Обама менен Германиянын канцлери Ангела Меркел. Вашингтон, 9-февраль
АКШ президенти Барак Обама менен Германиянын канцлери Ангела Меркел. Вашингтон, 9-февраль

Вашингтондо АКШ президенти Барак Обама менен Германиянын канцлери Ангела Меркелдин жолугушуусу башталды. Мурдатан кабарлангандай, эки лидер Украинадагы абалды талкуулайт. Меркел Украин кризисин чечүү боюнча акыркы аракеттер боюнча маалымат берери айтылган.

Өткөн аптада Меркел менен Франциянын президенти Франсуа Олланд алгач Киевде украин лидери Петро Порошенко, андан соң Москвада Орусиянын президенти Владимир Путин менен жолугуп, Украинанын чыгышындагы ок атууну токтотуу боюнча планды талкуулаган.

Германия делегациясынын курамында Меркелдин тышкы саясат маселелери боюнча кеңешчиси Кристоф Хойсген, экономика боюнча кеңешчиси Ларс-Хендрик Роеллер жана маалымат катчысы Штеффен Зайберт бар. Ал эми Кошмо Штаттардан жолугушууга вице-президент Жо Байден, мамлекеттик катчы Жон Керри жана улуттук коопсуздук боюнча кеңешчи Сюзан Райс катышууда.

XS
SM
MD
LG