Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 17:34

Обама Орусия бир нече келишимди бузганын айтты


Меркел менен Обама 9-январда Вашинтонгдо жолукту.

Меркел менен Обама 9-январда Вашинтонгдо жолукту.

АКШ президенти Барак Обама Орусия Украина боюнча эл аралык келишимдерди бузганын билдирди. Бул тууралуу Обама Вашингтондо Германиянын канцлери Ангела Меркел менен жолугушуудан соң билдирди. Орусия Украина чыгышындагы жикчилдерге оор аскердик техника жана курал-жарак жибергенин айткан президент Обама Кремль “мылтык кезеп" өз аймагын кеңейте албастыгын белгиледи.

Ошондой эле Обама Украинага курал-жарактан жардам берүү боюнча акыркы чечим кабыл алына электигин ачыкка чыгарды.

Немис канцлери Меркел да Орусия эки ирет Украинанын аймактык бүтүндүгүнө шек келтиргенин белгиледи. Буга мисал катары канцлер Орусиянын Крымды аннексиялаганын жана Украинанын чыгышындагы жикчилдерге аскердик көмөк көрсөткөнүн атады.

Меркел менен Обама 9-январда Вашинтонгдо жолукту. Анда Украина кризисин чечүү боюнча акыркы аракеттер талкууланды.

Өткөн аптада канцлер Меркел менен Франциянын президенти Франсуа Олланд алгач Киевде украин лидери Петро Порошенко, андан соң Москвада Орусиянын президенти Владимир Путин менен жолугуп, Украинанын чыгышындагы ок атууну токтотуу боюнча планды талкуулаган.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG