Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 00:46

Ардагер Анатай Кутманбетовго материалдык жардам көрсөтүлдү


Президент Алмазбек Атамбаевдин атынан материалдык жардамды Президенттик Аппарат жетекчисинин биринчи орун басары Икрамжан Илмиянов тапшырды. Ал Улуу Ата Мекендик согуштун ардагери Анатай Кутманбетовду 100 жылдык мааракеси менен куттуктап, Алмазбек Атамбаевдин мааракеге байланыштуу куттуктоосун окуп берди. Илмиянов ошондой эле Кыргызстанда Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 70 жылдыгын майрамдоо боюнча пландар туурасында карыяга маалымат берди.

Президент Алмазбек Атамбаевдин атынан ардагер Анатай Кутманбетовго 100 миң сом жана президенттик саат тапшырылды.

100 жашка толгон Улуу Ата Мекендик согуштун ардагери Анатай Кутманбетов «Кызыл Жылдыз» жана «Даңк» ордендеринин ээси.(ZKo)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG