Линктер

шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 16:32

Баткенде "Хизб-ут Тахрир" уюмунун активдүү мүчөсү кармалды


Хизб-ут-Тахрир уюмунун мүчөсүн кармоо учуру. Кара-Суу шаары. 2007-жыл

Хизб-ут-Тахрир уюмунун мүчөсүн кармоо учуру. Кара-Суу шаары. 2007-жыл

Облустун Лейлек районунун Жаңы-Жер айлында тыюу салынган диний агымдын активдүү мүчөсү деген шек менен жергиликтүү тургун кармалды. Анын үйүнөн экстремисттик маанидеги 16 китеп, жүздөн ашык баракча жана брошюралар табылган.

Кыргыз бийлиги 2003-жылы “Хизб-ут Тахрир” уюмун экстремисттик деп жарыялап, өлкө аймагында анын ишмердүүлүгүнө тыюу салган. Бул уюм Фергана өрөөнүндө халифат түзүү максатын көздөйт. Акыркы убактарда уюм мүчөлөрү ыкмасын өзгөртүп, өлкөдөгү бейөкмөт уюмдардын катарына кирүү жана ар кыл окуу жайларда таасирин күчөтүү менен өз идеологиясын жайылтып жатканы айтылган.(ZKo)

Азаттык Фейсбукта

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG