Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 23:02

Бишкек ШИИБ: Балдар аянтчасында бир адам асынып өлдү


Жумушчулар шаарчасындагы Некрасов көчөсүндө жайгашкан балдар аянтчасындагы турниктердин бирине асынган 25 жаш чамалуу жигиттин сөөгү табылды. Бул тууралуу “Азаттыкка” шаардык милициянын басма сөз катчысы Олжобай Казабаев билдирди. Маркумдун жансыз денеси 10-февраль күнү эртең менен табылган. Экспертиза эч кандай уруп-сабоо белгилерин тапкан жок.

Иликтөө иштерин Ленин райондук милициясы жүргүзүп жатат. Каза тапкан жарандын ким экени азырынча тактала элек. (SE)

XS
SM
MD
LG