Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:30

Келдибеков Кыргызстанга келе элек


Акматбек Келдибеков
Акматбек Келдибеков

Жогорку Кеңештин экс-спикери, депутат Акматбек Келдибеков Кыргызстанга келе электигин, Германияда дарыланууну улантып жатканын “Азаттыкка” анын бир тууганы Чынара Келдибекова билдирди.

Депутаттын адвокаты Татьяна Чильникина да Келдибеков Бишкекке кайтканы тууралуу маалымат чындыкка коошпой турганын, эгер ал кайтып келсе, журналисттерге дароо кабар берерин айтты.

Бүгүн интернет булактарында Акматбек Келдибеков 10-февраль күнү Кыргызстанга кайтары тууралуу маалымат тараган.

"Ата-Журт” фракциясынын коррупция жана кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу беренелери боюнча айыпталган депутаты Келдибеков 2013-жылдын күзүндө камалган. Ага Бишкектин Биринчи Май райондук соту өткөн жылдын августунда чет өлкөдө дарыланууга уруксат берген. Тактала элек маалыматтар боюнча ал Германияда эмес, Дубайда экени да айтылып келет. (SE)

XS
SM
MD
LG