Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:28

Түркия Кыргызстандын куралдуу күчтөрүнө жардамды көбөйтөт


Түркия мамлекети Кыргызстандын аскер базасын чыңдоого каржылык жардам берүүсүн эки эсе көбөйтөт. Куралдуу күчтөрдүн Башкы штабынын жетекчиси Асанбек Алымкожоев 2-7-февраль күндөрү Анкарада аталган өлкөнүн Башкы штабынын жетекчиси Неджет Озел менен жолугуп, ушундай макулдашууга кол койду. Бул тууралуу “Азаттыкка” Башкы штабдын басма сөз кызматынан кабарлашты.

Түркия буга чейин Кыргызстанга жыл сайын 2 миллион түрк лирасы өлчөмүндө жардам берип келген. Көмөк техникалык каражаттар түрүндө жана кыргыз жаштары үчүн Түркиядагы аскерий окуу жайлардан квота бөлүү ыкмасында берилген. (SE)

XS
SM
MD
LG