Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:44

Таласта Жерүйдү иштетүү зарылдыгы тууралуу түшүндүрүү жүрүп жатат


Мамлекеттик геология жана минералдык ресурстар боюнча агенттик Таластагы Жерүй алтын кенин иштетүү зарыл экени тууралуу бүгүн жергиликтүү тургундарга түшүндүрүү жүргүзүп жатат. Журналисттердин катышуусундагы жолугушуулар аймакта кен казууга каршы чыккан айыл жашоочулары менен өтүүдө.

Жерүй алтын кенин иштетүүгө жакын арада сынак жарыяланарын өткөн жылдын декабрында Араб мамлекеттерине иш сапары учурунда президент Алмазбек Атамбаев билдирген. Лицензиянын баштапкы баасы 100 миллион доллар деп сунушталууда.

Жерүй - Кыргызстанда Кумтөрдөн кийинки эле эң ири алтын кени. Анда болжол менен кеминде 90 тонна алтын, 13 тоннадай күмүш бар. Айрым жергиликтүү тургундар бул кенди иштетүүгө каршылык билдирип келишет. (SE\TSh)

XS
SM
MD
LG