Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:59

“Эмгек” жана “Өнүгүү” партиялары биригүүнү сүйлөшүүдө


Бул тууралуу “Азаттыкка” Жогорку Кеңештеги “Өнүгүү” депутаттык тобунун мүчөсү Мирлан Бакиров билдирди. Азырынча чечим кабыл алына элек.

Өткөн жылы “Өнүгүү” менен “Улуттар биримдиги” партиясынын кошулушу тууралуу да кеп болгон. Бирок кийинчерээк токтоп калган. “Өнүгүү” партиясынын лидери, Жогорку Кеңештин депутаты Бакыт Төрөбаев, ал эми “Эмгек” партиясынын башчысы экс-депутат, ишкер Аскар Салымбеков.

Буга чейин “Ата-Журт” менен “Республика”, “Бүтүн Кыргызстан” менен “Бир бол” партиялары бириккен.

Быйыл күзүндө Кыргызстанда парламенттик шайлоо өтөт. Юстиция министрлигинде эгемендик жылдары каттоодон өткөн партиялардын саны 200гө жетти. (SE\AiT)

XS
SM
MD
LG