Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 04:34

11-февралга карата аба ырайы


11-февралда Кыргызстандын аймагын ала булут каптап турат, түнкүсүн жаан-чачын болбойт. Күндүз Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарынын айрым жерлеринде жаан, кар жаайт. Жолдор тоңголок, тайгак. Батыш тараптан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метр.

Абанын температурасы:

Чүйдө түнкүсүн -1...+4, күндүз 10...15,
Таласта түнкүсүн -3...+2, күндүз 10...15,
Баткенде түнкүсүн 0...5, күндүз 9...14,
Ош жана Жалал-Абадда түнкүсүн -1...+4, күндүз 9...14,
Ысык-Көлдө түнкүсүн -1...-6, күндүз 1...6,
Нарында түнкүсүн -13...-18, күндүз -4...-9,
Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -18...-23, күндүз -2...-7 градус болот.

Бишкекте ала булут каптап турат, кар жаабайт. Абанын температурасы түнкүсүн 2…4, күндүз 12…14 градус болот.

XS
SM
MD
LG