Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:00

Солтон-Сары боюнча аукцион өтөт


Геология жана минералдык ресурстар агенттиги ушул жылдын 30-мартында Нарындагы алтын кен боюнча аукцион өткөрөт. Агенттиктен кабарлашкандай, аукциондо уткандарга Солтон-Сарыда жер астындагы байлыкты пайдалануу укугуна ээ кылуучу лицензия берилет. Баштапкы баасы - 47 миң 730 доллар.

Нарындагы Миң-Булак, Эмгекчил айыл өкмөттөрүнө караган Солтон-Сары аймагында үч алтын кени бар. Учурда “Солтон-Сары” мамлекеттик ишканасы гана иштейт. Калган эки аймакта мындан 3 жыл мурун жергиликтүү элдин каршылыгы менен кытай компанияларынын иши токтотулган.

Солтон-Сарыда алтындын запасы 2,5 миң тонна экенин буга чейин "Кыргызалтын" ишканасынан кабарлашкан. (RK)

XS
SM
MD
LG