Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:04

Журналист Орунбековдун соту дагы жылдырылды


Дайырбек Орунбеков сот залында. 10-февраль, 2015-жыл.
Дайырбек Орунбеков сот залында. 10-февраль, 2015-жыл.

Журналист Дайырбек Орунбековдун ишин териштирип жаткан прокурордун ооруп калганына байланыштуу Бишкектеги Биринчи Май райондук соту бүгүнкүгө белгиленген отурумду 20-февралга калтырды. Буга чейин да түрдүү себептер менен сот эки жолу болбой калган.

Башкы прокуратура maalymat.kg сайтынын негиздөөчүсү Дайырбек Орунбековду жалган маалымат таратты деп айыптап кылмыш иш козгогон. Ага “Жаңы жүздөр” гезитине Анара Юсупова аттуу жарандын журналисттин ишмердүүлүгүнө байланыштуу жазган макаласы негиз болгон. Макалада Орунбеков бийлик башындагы адамдарды Ош окуясына күнөөлүү деп ишенимсиз булактарга таянып жазганы үчүн жоопко тартуу керектиги айтылган.

Өзүн оппозициялык маанайдагы журналист эсептеген Орунбеков муну саясый куугунтук жана сөз эркиндигине кысым деп баалап жатат. Ал тууралуу гезитке макала жазган Анара Юсупованын ким экени да азырынча аныктала элек.

Мыйзамга ылайык, жалган маалымат тараткандарга 100 миңден 200 миң сомго чейин айыппул салынат же бир жылдан үч жылга чейин эркинен ажыратылат. (SE\ECh)

XS
SM
MD
LG