Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:21

Орусияда жол кырсыгына кабылган дагы бир кыргызстандык көз жумду


Орусиянын Башкыртстан республикасында 5-февралда жол кырсыгына кабылгандардын дагы бири, 50 жаштагы Насиржан Нурматов 10-февраль күнү каза тапты. Ал Октябрь шаарындагы ооруканада жаткан болчу. Учурда анын документтерин тууралап, Кыргызстанга жөнөтүү чаралары көрүлүп жатат. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги элчиликтин маалыматына таянып билдирди.

5-февралда жарым түндө Башкыртстандагы "Урал" автожолунда жүк ташуучу "Вольво" жана "Газель" кагылышып, 5 адам мерт кеткен. Жети киши жаракат алган болчу. Каза тапкандардын баары Кыргызстандын жарандары, Ош жана Жалал-Абад облустарынын тургундары экени аныкталган. Маркумдардын сөөгү 9-февраль күнү Кыргызстанга келген. (SE)

XS
SM
MD
LG