Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 22:09

Улуттук статистика комитети январь айына карата Кыргызстандагы орточо айлык акынын өлчөмүн жарыялады. Чакан ишканаларды кошпогондо маянанын орточо көлөмү 12 435 сомду түзгөн. Бул 2013-жылга салыштырмалуу айлык 9% өстү дегенди түшүндүрөт.

Мекеменин басма сөз катчысы Гүлнара Калыгулова “Азаттыкка“ билдиргендей, аймактарга бөлүп караганда Ош облусунда маяна эң төмөн:

- Жалал-Абад облусунда орточо эмгек акы 11052 сом, Нарында 11 456, Чүйдө 10981, Баткен облусунда 9013, Ысык-Көлдө 9052, Таласта 9347, Ош облусунда 8145 сомду, Ош шаарында 11120, Бишкек калаасында 16 834 сомго барабар.

Айлык акы көтөрүлгөнү менен инфляция да күчөдү. Маалыматка ылайык, 2014-жылы инфляциянын өсүшү 10,5% түзгөн. (SE)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG