Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 13:15

Украинанын чыгышында уруш уланууда


Украинанын чыгышында тынчтык орнотуу боюнча эл аралык сүйлөшүүлөргө карабай Донбасстагы уруш уланып жатат. Өкмөттүк күчтөр Мариуполдун жанындагы Новоазовск шаарын көздөй илгерилеп, бир нече кыштакты көзөмөлгө алганы айтылууда. Бул тууралуу “Азов” батальонунун аскерлери социалдык тармактарга жазып чыгышты. Мындай маалыматты Улуттук коопсуздук жана коргоо кеңешинен да ырастап, учурда кеңеш катчысы Александр Турчинов окуя болгон жерде экенин маалымдады. Анын айтымында “Азовдун” аскерлери Широкино, Павлопол жана Коминтерн кыштактарын өз көзөмөлүнө алды.

Бирок орусиячыл жикчилер мындай маалыматты четке кагууда. Алардын аскерий лидерлеринин бири Эдуард Басурин жикчилер Дебальцево шаарын курчоого алып, башка аймактар менен байланыштыруучу эки кан жол алардын карамагына өткөнүн билдирди. Ошондой эле жикчилер өткөн түнү өкмөттүк аскерлер 37 жолу калктуу пункттарды аткылаганын кошумчалашты.

Ал эми Украинанын Башкы штабынын өкүлү Владислав Селезнев акыркы суткада жети аскер каза болуп, 23ү жараат алганын кабарлады.

БУУнун эсеби боюнча февраль айынын башынан бери эле согуш жүрүп жаткан аймакта 263 адам набыт кетти.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG