Ооганстандагы талибдер өкмөт түзүүгө катышуунун ордуна, кылмыш топтору катары ишмердик жүргүзүп жатат. Бул тууралуу талиптерге карата санкцияларды көзөмөлдөгөн БУУнун эксперттик тобунун баяндамасындай айтылат. Андагы маалыматка ылайык, Ооганстанда 1996-жылдан 2001-жылга чейин бийликте болгон “Талибан” кыймыл өлкөдөгү кылмыштуулукту жайылтууда. Башкача айтканда, маңзат соодасы жана кишилерди барымтага алуу менен шугулданып жатышат.
9-январда жарыяланган баяндамада талибдердин өлкөдөгү башка кылмыш топтору менен тыгыз байланышта экени да айтылат.
Мындай аракеттер Ооганстанда тынчтык орнотуу аракеттерине кедергесин тийгизип жатканын эл аралык эксперттер белгилешкен.