Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:09

Кара-Жыгач сейил багын сатууга каршы митинг болду


Бүгүн, 10-февралда Бишкектин четиндеги Кара-Жыгач сейил багын жеке адамдарга сатпоо талабы менен Жогорку Соттун алдында жүздөн ашуун адам пикет уюштурду. Алар 42 гектар аянты бар бакты Жогорку Кеңештин депутаты Карганбек Самаковдун жакындары 20 млн. сомго аукцион аркылуу сатып алганына нааразы болууда. Тургундар ушундай доомат менен сотко кайрылган. Бүгүнкү күнгө белгиленген сот Мамлекеттик каттоо кызматынын өкүлдөрүнүн келбегенине байланыштуу 18-февралга жылдырылды. Буга чейин да эки жолу отурум болбой калган.

Маалыматтарда депутаттын бир тууганы, ишкер Кубанычбек Самаковдун “Ракен Нарын” фирмасы аталган жерди 2008-жылы 49 жылга ижара алган. Алар жерди мыйзамдуу сатып алганын айтып келишет. Буга нааразы болгон жашоочулар өткөн жылы боз үй тигип, айыл четинде нааразылык акциясын да өткөрүшкөн.

XS
SM
MD
LG