Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 08:29

АКШнын Кыргызстандагы убактылуу элчиси ушул жумада ишке киришет


АКШнын Кыргызстандагы убактылуу ыйгарым укуктуу өкүлүнүн милдетин аткаруучу Ричард Майлз ушул жумада Бишкекке келет. Майлз бул кызматты Сенат Кыргызстанга жаңы элчи дайындаганга чейин аткарып турат. Бул тууралуу “Азаттыкка” АКШ мамлекеттик катчысынын Борбор Азия боюнча жардамчысынын орун басары Дэниел Розенблюм билдирди. Ал бүгүн Кыргызстан, Өзбекстан жана Казакстандын журналисттери менен телефон аркылуу пресс-конфеернция өткөрүп, мамлекет аралык кызматташуу тууралуу маалымат берди.

Розенблюм ошондой эле элчилик кызматка көрсөтүлүп жаткан Шейла Гволтнинин талапкерлигине кыргыз тарап макул болбой жатканы тууралуу маалыматты төгүндөдү. Кечээ айрым маалымат булактары Гволтни элчи болушуна Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги каршылыгын билдирип, ушул себептүү анын ордуна Ричард Майлздын талапкерлиги каралып жатканын жазып чыккан.

Бирок кыргыз ТИМи Гволтни айымга агреман 2014-жылы эле берилгенин, анын элчи болуп дайындалышы АКШ тараптын чечимине жараша гана болорун расмий билдирген.

Мурдагы элчи Памела Спратлендин кызмат мөөнөтү аяктап, ал АКШнын Өзбекстандагы элчиси болуп дайындалган. (SE)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG